Жалал-Абад шаарында интимдик кызмат көрсөткөн кыздар аныкталды
26 июнь

Жалал-Абад шаарында интимдик кызмат көрсөткөн кыздар аныкталды

Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, “Притон” аталышта жүргүзүлүп жаткан иш-чарасынын негизинде, белгисиз адамдар тарабынан массаж жасоого кызмат көрсөтөбүз деген аталыш менен сойкулук менен алектенүүгө көмүскө жай уюштуруп жүргөн кыздар тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Териштирүү иштеринин алкагында Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде 1991-жылы туулган Б. кызы Д. жана 1985-жылы туулган Г.К. аттуу тургундары аныкталган.

Ошондой эле Б. кызы Д. “Токалка” https://tokalka.vip сайтында 2025-жылдын февраль айынан бери интимдик кызматтарды көрсөтүп иштеп жаткандыгын жана Г.К. 2020-жылдан тартып интимдик кызмат көрсөтүү тармагында иштеп жүргөндүгү маалым болгон.