Кыргызстанда расмий түрдө суу чарба кызматкерлеринин күнү бекитилди
17 июль

Кыргызстанда расмий түрдө суу чарба кызматкерлеринин күнү бекитилди

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2025-жылдын 14-июлундагы №411 токтому менен жаңы кесиптик майрам – Суу чарба кызматкерлеринин күнү бекитилди.

Майрам жыл сайын сентябрдын биринчи ишембисинде белгиленет.

Бул күндү белгилөөнүн максаты - суу чарба адистеринин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон маанилүү салымын расмий түрдө таануу, ошондой эле алардын кесиптик ишмердигине дем берүү жана андан ары стимулдаштыруу үчүн шарттарды түзүү.

Токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.