6 сентябрь

Улуттук оюндардын ар биринде кыргыздын тарыхы менен руху бар

Көчмөндөр оюндарынын улуттук мурасты сактоодогу жана кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуудагы орду канчалык?

Кыргыз элинин меймандостугу, мекенчилдиги, айкөлдүгү, намыскөйлүгү жана эрктүүлүгү сыяктуу баалуулуктар оюндар аркылуу кеңири таанылууда. Бул — көчмөн цивилизациядан калган руханий мурастын бир бөлүгү.

Улуттук оюндарды тарыхтын бир бөлүгү. Ар бир оюн элдин жашоо-шарты жана тарыхы менен байланышкан. Мисалы, көк бөрү көчмөндөрдүн турмушун, ордо аскердик өнөрдү чагылдырат. Демек, оюндардын артында чоң тарых жана тарбиялык маани жатат.

Андан сырткары улуттук оюндар улуттун мүнөзүн ачат. Көк бөрүдө шамдагайлык жана эрктүүлүк болсо, эр эңиште күч менен бирге ыкма, тартип жана адилеттүүлүк талап кылынат. Ордо болсо стратегиялык ой жүгүртүүнү көрсөтөт. Бул оюндардын баарынан кыргыздын кайраттуулугу, чеберчилиги жана биримдиги көрүнөт.

Жаш муун үчүн Көчмөндөр оюнунун тарбиялык мааниси чоң. Жаштар оюндар аркылуу ата-бабалардын салтын, наркын жана жүрүм-турум маданиятын үйрөнөт. Ошондой эле эрдик, намыс, мекенчилдик, акылдуулук жана шамдагайлык сыяктуу сапаттарды өздөштүрөт. Бул жагынан Көчмөндөр оюну — чоң тарбия мектеби.

Ошондой эле кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытууда чоң роль ойнойт. Анткени чет элдик коноктор оюндар менен катар боз үйдү, улуттук кийимдерди, манасчылыкты, комузчулукту жана меймандостукту көрөт. Ушул көрүнүштөрдүн баары кыргыздын ким экенин, анын рухун жана маданиятын ачып берет.

Ата-бабадан калган мурасты кийинки муунга жеткирүүдө, аны сактоо менен эле чектелбестен, жаштарга заманбап жол менен сиңирүү зарыл. Улуттук оюндарды социалдык тармактарда сапаттуу, кызыктуу контент катары жайылтуу маанилүү. Ошондо кыргыздын тарыхы менен наркы кийинки муунга да жетет.

Сулайман Рысбаев
Сулайман Рысбаев профессор