Ылдыйкы Тар ГЭСин куруу жана Быстровка ГЭСин реконструкциялоо боюнча ТЭН иштелип чыгууда
3 февраль

Ылдыйкы Тар ГЭСин куруу жана Быстровка ГЭСин реконструкциялоо боюнча ТЭН иштелип чыгууда

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги электр энергиясынын тартыштыгын жоюуга жана өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган бир катар долбоорлорду ишке ашырууда. Ошондой долбоорлордун бири — Ылдыйкы Тар ГЭСин курууну жана Быстровка ГЭСин реконструкциялоону камтыган KRED долбоору болуп саналат.

2025-жылдын декабрь айында Ылдыйкы Тар ГЭСин куруу жана Быстровка ГЭСин реконструкциялоо боюнча техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгуу үчүн QingYuan Engineering Consultants Ltd. компаниясы менен консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча келишимге кол коюлган.

Иштердин уландысы катары, 2026-жылдын январь айында «Чакан ГЭС» ААКнын кызматкерлери аталган компаниянын консультанттары менен биргеликте Ылдыйкы Тар ГЭСинин курулуш аянтчасына жана Быстровка ГЭСине барып жеринде таанышышкан.

Сапардын жүрүшүндө консультанттар тарабынан аймактар кылдат текшерилип, жердин табигый, инженердик-геологиялык жана гидрологиялык шарттары, рельефтин өзгөчөлүктөрү жана курулуш аянтчаларынын учурдагы абалы изилденди. Алынган маалыматтар долбоордук чечимдерди ишке ашыруунун шарттарын баалоо үчүн пайдаланылды.

Эске салсак, Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасына Ылдыйкы Тар ГЭСин куруу жана Быстровка ГЭСин реконструкциялоо үчүн 43,2 млн АКШ доллары өлчөмүндө, 50 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 10 жыл жеңилдетилген мөөнөт менен үстөк пайызсыз кредит бөлгөн