Эл аралык "Курак" фестивалы жыйынтыкталды
Эл аралык "Курак" фестивалы жыйынтыкталды, деп билдирет Маданият министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, фестивалдын алкагында 12-августта ар кайсы өлкөлөрдүн уздарынан курак боюнча мастер-класстар уч жерде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, жаштар жана карылар үчүн мастер-класс өткөрүлдү.
Ал эми 13-августта курак чеберлеринин ортосунда маданияттар аралык алмашуу болуп, коноктор Ала Тоо аянтында жана Кыргызстандын тоолорунда курак флешмобунда болушту.
