Колонияларда жаза өтөөнүн эксперименттик режими түзүлүшү мүмкүн
Жогорку Кеңештин2-октябрдагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «КРнын Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Мыйзам долбоорун Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков тааныштырды. Аталган мыйзам долбоору төмөнкүлөрдү киргизүүнү караштырат:
– эксперименттик режимди ведомстволук актылар менен аныктоону караган ченемдер, бул жөнүндө ЖКнын 2-беренесинин 6-пунктуна толуктоо киргизилет;
– жаза өтөөнүн эксперименттик режими бар обочолонгон участокту түзөтүү абактарында жалпы жана катуу режимдерди түзүү мүмкүнчүлүгүн караган ЖКнын 73-беренесине толуктоо киргизилет.
КМШнын айрым өлкөлөрүнүн жазык-аткаруу мыйзамдарынын нормаларында жалгыз ата-эне болуп эсептелген балдары бар соттолгондордун түзөтүү мекемелеринин чегинен тышкары белгилүү мөөнөткө бала менен жолугушуу үчүн чыгуу укугу каралат. Ушуга байланыштуу, ошондой эле жазык мыйзамдарын гумандаштырууга багытталган мамлекеттин саясатын эске алуу менен ЖКнын 97-беренесине ушундай ченем киргизилет.
Талкуу маалында депутаттар Камила Талиева, Дастан Бекешев эксперименттик режимди аныктоону караган беренедеги коррупциялык тобокелдиктерди жоюу керектигин белгилешти. Ал эми депутат Кубанычбек Самаков кылмыштуу идеологиянын таасирин төмөндөтүү максатында жарандарды жасаган кылмыштардын оордугу боюнча тергөө абагынан баштап эле бөлүштүрүп, өз-өзүнчө кармоону сунуштады.
Андан тышкары, жыйында «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Аталган мыйзам долбоору укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан.