Акыркы үч айда бишкектиктер канча саат тыгында болушту?
Акыркы үч айда, тактап айтканда, июлдан сентябрга чейинки аралыкта Бишкектин тургундары 777 саат тыгында болушкан. Мындай статистиканы 2GIS компаниясы чыгарды.
Айларга бөлгөндө кырдаалдар төмөнкүдөй болгон:
- июль - 197 саат,
- август - 256 саат,
- сентябрь – 324 саат.
Маалыматта айтылгандай, июлда унаа тыгыны орто эсеп менен 4 баллдан 6 баллга чейин өзгөргөн, август жана сентябрь айларында тыгындар 9 баллга жеткен.
Маалыматтар жол тыгыны 6 балл же андан көп болгон убакыттарды кошуу менен эсептелген.