Учурда Бишкекте соцкызматкерлер 550гө жакын адамды үйүндө тейлейт
Бүгүнкү күндө Бишкекте социалдык кызматкерлер 550гө жакын жалгыз бой пенсионерлерди жана майыптыгы бар жарандарды тейлешет.
Эске сала кетсек, бүгүн, 1-октябрда Кыргызстанда Карылардын эл аралык күнү белгиленүүдө.
Бишкектин административдик району боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери жана социалдык кызматкерлери улгайган жарандарга карата зомбулукка каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча маалыматтык-консультациялык иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүп турушат.
Маалымат үчүн: Социалдык кызматкерлер жалгыз бой жашаган улгайган жарандарды, өзүн-өзү камсыз кылууга жана басып-турууга кудурети чектелишинен улам негизги турмуштук муктаждыктарын өз алдынча канааттандыруу мүмкүнчүлүгүн жарым-жартылай жоготкон жарандарды, жубайларды, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү, майыптыгы бар адамдарды үйүнө барып тейлешет.