Баткенде карылар күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өтүүдө
1 октябрь

Баткенде карылар күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өтүүдө

Ага Баткен облусунун аймагынан чакырылган ардактуу эс алуудагы ата-апалар катышууда.

Иш чарага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков катышып, облус башчысы Абдикарим Алимбаевдин куттуктоосун жана каалоо тилектерин жеткирди.

Жаныбек Исаков өз сөзүндө улуу муундун өкүлдөрүн камкордукка алуу, өлкөбүздүн маанилүү багыты болуп саналаарын айтып, мамлекет улгайган жарандарыбыздын пенсиясын жогорулатуу менен кошо, бир катар социалдык жеңилдиктерди түзүү үстүндө иш алып барып жатканын, бүгүндөн тарта пенсия дагы жогорулаганын белгиледи.

Карыларга бул күнү сый тамак берилип, майрамдык концерт тартууланды.

Ушул тапта облустун бардык аймактарында карылар күнүнө карата иш чаралар уюштурулуп, сый урмат көрсөтүлүүдө.

Социалдык фонддун маалыматына таянсак, 2024-жылдын 1-октябрынан тарта өлкөдө эң минималдуу пенсия 6 900 сом болду, жалпысынан 3 жыл аралыгында пенсияны жогорулатууга кошумча 60 млрд сом сарпталган.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн