Алданган үлүшчүлөр. Кыргызстанда курулуп бүтпөгөн 64 объект бар
1 октябрь

Алданган үлүшчүлөр. Кыргызстанда курулуп бүтпөгөн 64 объект бар

Бул тууралуу КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинин директору Эрназарбек Сүйөркулов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Айтымында, буга чейин курулуш компаниялары долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгып, жер тилкесин сатып алып, үлүштүк катышуу келишимин түзүп, ошол келишимдин негизинде эле батирлерди сатышчу. Анан курулушту аягына чыгарбай же ал турмак баштабай жатып качып кетишчү. Учурда  Кыргызстанда ушундай жагдайга туш болуп, үлүштүк ээлери алданып калган 64 объекттин курулушу аягына чыкпай турат. 

“Мындай учурлар көбөйүп кеткендиктен быйыл Министрлер Кабинетинин токтому чыгып, ага ылайык, курулуш компаниялары эми өздөрүнүн финансылык колдоосун, башкача айтканда объектти кура турган компаниянын уставдык капиталын көрсөтүшү керек. Ошондон кийин гана курулуш иштерин баштай алышат”, - деди директор.