Көңүл буруңуз! Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттери 1-октябрдан 3-октябрга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бекеттер кытай тараптын демилгеси менен Кытайдагы билим майрамына карата жабылат.
Транспорт, жүк ташуучу унааларды жана жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүү 4-октябрда кайрадан жанданат.