
Ош — Нью-Дели биринчи чартердик каттамы ачылды
«Ош» эл аралык аэропорту Кыргызстан менен Индиянын кызматташтыгынын жаңы баскычын баштады, тактап айтканда, Ош – Нью-Дели – Ош багыты боюнча биринчи эл аралык чартердик каттам ачылды. Бул тууралуу «Мнас» эл аралык аэропортунан билдиришти.
Биринчи каттам менен 180 жүргүнчү учуп келди.
Жума сайын шейшемби күнкү каттам транспорттук байланышты жакшыртууга гана эмес, эки тарап үчүн маанилүү болгон экономикалык жана дипломатиялык мамилелерди чыңдоого да багытталган.
«Бул багыт эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат жана Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы өнөктөштүктүн мындан аркы өсүшүнө негиз боло турган, анын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча келечектеги аракеттер», - деп кошумчалашты аэропорттун маалымат кызматынан.