Баалар, турак жай жана мамкызматкерлер: Кыргызстандыктар президенттик шайлоо алдында талкуулаган темалар
Ачуу Чындык каналынын маалыматына ылайык, президенттик шайлоонун алдында кыргызстандыктар социалдык тармактарда көбүнчө баалардын өсүшү, турак жай, чиновниктердин иши жана соттордун чечимдерин талкуулап жатышат.
Изилдөөдө SERM системасынын маалыматтары колдонулган. Авторлор 2026-жылдын 1-июнунан 5-октябрына чейин 405 миң 563 комментарийди, 5 миң 201 видео жана постту, ошондой эле Telegramдагы 4 миң 300гө жакын макала жана жарыялоону талдашкан. Тандоого январдан октябрдын башына чейин жарыяланган видеолор да киргизилген.
Комментарийлердин негизги бөлүгү — 401 миң 806сы YouTube платформасынан алынган. Instagramдан 1 миң 991, Telegramдан 1 миң 638, Facebookтан 128 комментарий талданган. Билдирүүлөрдүн 79 пайызга жакыны кыргыз тилинде, 21 пайызы орус тилинде жазылган.
Авторлор изилдөөнүн жыйынтыгын өлкөнүн жалпы калкына түздөн-түз жайылтууга болбой турганын белгилешет. Ар бир видеонун астындагы платформалар «мыкты» деп көрсөткөн 500гө чейинки комментарий каралып, билдирүүлөрдүн жарымынан көбү беш ири каналга туура келген. Демек, изилдөө тандалган аянтчалардагы активдүү аудиториянын маанайын гана чагылдырат жана репрезентативдүү социологиялык сурамжылоо болуп саналбайт.
Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.
Изилдөөнүн авторлорунун байкоосуна караганда, колдонуучулар жергиликтүү бийлик органдарынын, мэриялардын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын компетенциясына кирген маселелерди чечүүнү түздөн-түз президент Садыр Жапаровдон сураган учурлар көп. Ошол эле учурда чечилбей жаткан маселелер үчүн чиновниктер, депутаттар жана сот системасы сынга алынууда.
Эң көп талкууланган темалардын бири — баалардын өсүшү. Колдонуучулар эттин, электр энергиясынын, күйүүчү майдын жана турак жайдын кымбатташын үй-бүлөлүк бюджетке тийгизген таасири менен байланыштырышат. Айлык акы менен пенсиянын көбөйүшү да товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын мындан ары өсүшү менен катар талкууланууда.
Үйлөрдүн бузулушу жана базарлардын көчүрүлүшү да коомчулук үчүн маанилүү маселелердин бири бойдон калууда. Комментарийлерде тургундар компенсация, көчүрүү шарттары жана жаңы соода жайларынын баасы тууралуу суроолорду беришет.
Изилдөөнүн өзүнчө бөлүгү Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин мамилесине байланыштуу талкууларга арналган. Авторлордун баамында, бул темадагы комментарийлерде жарандардын мыйзам алдында теңдиги жана сот системасына болгон ишеним тууралуу суроолор айтылат.
Ошондой эле ар түрдүү видеолордун алдына мазмуну окшош бийликти колдогон комментарийлердин жазылып жатканына көңүл бурулган. Бирок аккаунттар тууралуу кошумча маалымат болбогондуктан, бул аракеттердин координацияланганын жана анын артында ким турганын аныктоо мүмкүн эмес экенин авторлор белгилешет.
Кытай көбүнчө жер, мамлекеттик карыз жана темир жол темаларынын алкагында талкууланат. Ал эми Орусияга байланышкан талкуулардын басымдуу бөлүгү эмгек мигранттары, депортация жана Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо маселелерине арналган.
Изилдөөнүн авторлору президентти колдогон пикирлер баалардын өсүшүнө, чиновниктердин ишине же мамлекеттик органдардын айрым чечимдерине болгон нааразычылык менен бир учурда айтылышы мүмкүн экенин белгилешет. Ошондуктан мамлекет башчысына болгон жеке колдоону өлкөдөгү жалпы кырдаалга канааттануунун көрсөткүчү катары кароого болбойт.
