31-августка карата 100 өндүрүштүк жана социалдык объектилердин ачылышы болот
29 август

31-августка карата 100 өндүрүштүк жана социалдык объектилердин ачылышы болот

Республиканын Эгемендүүлүк күнүнө карата 50дөн ашык социалдык объекти ачылат, алардын ичине мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер, турак-жайлар, спорт мекемелери, маданият мекемелер кирет.  

Ошондой эле, 31-августка карата 40ка жакын өнөр жай ишканалары ачылат, анын ичинде кичи ГЭСтер, курулуш материалдарын чыгаруучу заводдор, соода-логистикалык борборлор, текстиль фабрикалары жана башка ишканалар.